Жарыяланган
2023-22-09, 09:26Быйыл өлкөдө алтын өндүрүүнүн көлөмү жайлаганына байланыштуу ички дүң өнүмдүн өсүшү күтүлгөндөн төмөн болду. “Азия өнүктүрүү банкы” 2024-жылга карата инфляцияны 4%, ал эми ИДӨнү 8,6% болот деп божомолдоодо. Бул тууралуу “Азия өнүктүрүү банкынын” изилдөөсүндө айтылат.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын алгачкы жети айында ИДӨ өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги 6,4%дан 2,9%га жакын төмөндөгөн, анткени өнөр жай 2,0% кыскарган. Буга кайра иштетүү өнөр жайынын төмөндөшү таасир берген. Анткени металлдарды өндүрүү, негизинен алтын өндүрүү 46,7%дан 11,7%га чейин түшкөн.
Ошондой эле тоо-кен казып алуу тармагында да өсүш азыраак болгон. Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү өсүш 4,6%га чейин тездеген, бул дүң жана чекене соода, ошондой эле тамак-аш жана турак жай тармагындагы көрсөткүчтөрдүн өсүшү менен байланыштуу.
“Курулуштун өсүшү 11,2% деңгээлинде туруктуу бойдон калып, ички инвестициялардын өсүп жатканынын белгиси. Аба ырайынын ыңгайсыздыгынан улам айыл чарбасы 1,7% кыскарган”, - деп айтылат баяндамада.
Белгилеп кетсек, инфляциянын болжолдору 2023-жылдын апрелинен бери өзгөрүлгөн жок.