Жарыяланган
2024-18-10, 08:13Ушул жылдын 1-октябрына карата "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дээрлик 108 миң бала алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аларга жалпысынан республикалык бюджеттен 430 млн сомдой төлөндү. Анын ичинен 1 млн 350 миң сом үч эм төрөлгөн 27 балага чегерилди.