akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-04-06, 10:56

    Төрт айда 60 миңден ашуун бөбөккө «балага сүйүнчү» берилди

    1-июнга карата 60 миң 443 бала балага сүйүнчү бир жолку төлөмүн алды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

    Маалыматка ылайык, жалпы республикалык бюджеттен 215,6 млн сом, анын ичинде 1,1 млн сом бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 21 балага төлөнгөн.

    Министрлик ар бир бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөм 4 миң сомдон берилерин эскертет. Эгерде үч же андан көп бала төрөлсө, бир эле учурда ар бир балага 50 миң сом төлөнөт.

    “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдү алуу үчүн, бала төрөлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына кайрылуу керек. Каражаттар арызды бергенден кийин эки жумушчу күндүн ичинде банк эсебине чегерилет. Арыз берген күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен РСКнын же Айыл Банктын каалаган филиалынын кассасы аркылуу акча каражаттарын алууга болот.