Жарыяланган
2024-01-07, 03:542024-жылдын январь-май айларында “Кумтөр” ишканасы бюджетке 4 млрд 274 млн 118,9 миң сом салык которду. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Бул сумма 3 млрд 956 млн 471,7 миң сомду түзгөн “Кумтөрдүн” дүң кирешесинен салыкты төлөөдөн, ал эми минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө 317 млн 647,2 миң сомду түздү.
2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу “Кумтөрдөн” казыналык кирешелердин 3,89%га азайышы байкалган. Бул алтын өндүрүүчү компаниянын дүң киреше салыгы боюнча чегерүүлөрдүн кыскарышына байланыштуу. Быйыл бул салык боюнча бюджетке 8,3% же 358,3 млн сомго аз түшкөн.