akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-02-09, 10:19

    Кумар оюндарынан бюджетке 137 млн сом салык түштү

    Быйыл жети айда бюджетке оюн-зоок ишмердүүлүгүнөн 136 млн 888,7 миң сом салык түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.  

    Белгиленгендей, бул кирешелердин негизги бөлүгү (129 миллион 92,2 миң сом) казинолордон түшкөн. Төлөнгөн салыктын көлөмү боюнча экинчи орунда букмекердик кеңселер турат. Быйыл январдан июль айына чейин букмекердик кеңселер салыкка 7 миллион сом чегерген.  

    Калган сумма оюн автоматтары жана виртуалдык казинолордон түшкөн. Ал эми онлайн казинолор 1,5 миң сом гана салым кошкон. 

    Кошумчалай кетсек, былтыркыга салыштырмалуу казинолор казынага дээрлик 4 эсеге (2023-жылдын ушул мезгилинде — 32,55 млн сом), ал эми букмекердик кеңселер 6,7 эсеге (1,05 млн сом) көп акча которгон.


    Тектеш материалды окуу