akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-01-07, 09:51

    Мугалимдерге 600 млн сомдон ашык каражатка ноутбуктар сатып алынат

    STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбуктар менен камсыздалат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров катышкан билим берүүнү санариптештирүү маселеси талкууланган кеңешмеде айтылды. 

    Бул максаттарга мамлекеттик бюджеттен 600 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. 
    Жылдын аягына чейин мугалимдердин 50%ы, 2025-окуу жылында 100%ы ноутбук менен камсыздалат. 

    Жыйында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ноутбуктар мугалимдерди алдыңкы санариптик технологиялар менен камсыздоо, алардын квалификациясын жогорулатуу жана баарына бирдей шарт түзүү үчүн берилип жатканын кошумчалады.

    "Ноутбуктардын жардамы менен окутуучулар ар кандай санариптик билим берүү ресурстарын (электрондук китептер, 3D-схемалар, слайддар, лекциялар, видеосабактар, лабораториялык тренажерлор ж.б.) кызыктуу жана актуалдуу сабактарды даярдоо үчүн колдонушат. Мугалимдер кесиптик өнүгүүсү үчүн онлайн курстарга жана вебинарларга катыша алышат", - деп айтылат маалыматта.