akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-28-05, 10:00

    Билим берүү министрлиги 80 миң ноутбук сатып алат

    Билим берүү жана илим министрлиги 80 миң мугалимди ноутбук менен камсыз кылууну пландоодо. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, камсыздоо “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында ишке ашырылат. 

    Буга байланыштуу министрлик ташып келүүчүлөрдү жана өндүрүш заводдорун көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөлөрү бар ноутбуктардын бааларына мониторинг жасоо үчүн коммерциялык сунуштарды берүүгө чакырат. 

    Коммерциялык сунуштар Бишкек убактысы боюнча 2024-жылдын 7-июнуна чейин саат 17:00дөн кечиктирилбестен берилиши керек.

     


    Тектеш материалды окуу