akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-07-08, 04:30

    Таласта 375 орундуу мектептин курулушу аяктайт

    Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында Батырбашиев атындагы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттиги билдирди. 

    Белгиленгендей, мектептин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш-монтаждоо иштери “Бек-Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө. 

    Долбоор боюнча мектеп төрт блоктон турат, эки кабаттуу 375 окуучуга ылайыкталган окуу корпустар, спорттук зал, өтмө галерея. Объекттин жалпы аянты 2 миң 859 чарчы метрди түзөт.

    Бүгүнкү күндө, курулуш-монтаждоо иштери 96%га бүткөрүлдү, учурда спорттук залдын ички жумуштары аткарылууда.