akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2022-14-04, 05:19

    Таласта тоо-кен компаниясына мыйзамсыз документтер берилгени аныкталды

    Тоо-кен компаниясына мыйзамсыз түрдө документтерди берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, Талас облустук прокуратурасы тарабынан токой-чарба өндүрүшүнүн жоготуулары үчүн төлөм албастан, укук күбөлөндүрүүчү документтерди тоо-кен компаниясына мыйзамсыз берүү фактысы аныкталган.

    “Тергөөдө Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын мурдагы бөлүм башчысы Т.С.Т., өз жумушуна шалаакылык мамиле жасап, жер аянтын жеринде изилдөөдөн өткөрбөй туруп, “Г.Ш.М.” ЖЧКсына укук күбөлөндүрүүчү документтерди берип жибергендиктен, мамлекетке 2 млн 353 миң 824 сом зыян келтирилгендиги такталган”,- деп айтылат билдирүүдө.

    Тергөөнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн зыян компания тарабынан толугу менен орду толтурулуп, ал эми аталган мамлекеттик мекеменин мурдагы бөлүм башчысы кылмыш жоопкерчилигине тартылды.