akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-20-05, 05:40

    Бакай-Ата районунда 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

    Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ынтымак айылында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, курулуш мамлекеттик бюджеттен каржыланган.

    Жаңы мектепте компьютердик класс, спорт зал, ашкана бар. 

    Эске салсак, аталган айыл 24 жылдан бери эски бала бакчанын имаратын мектеп үчүн пайдаланып келген.