akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-14-08, 04:28

    Медакадемиянын Баткендеги филиалына медициналык жабдуулар сатып алынат

    И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы медициналык жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

    Долбоордун сметалык баасы 47 млн 849 миң сомду түзөт. Медициналык жабдуулар аталган окуу жайдын Баткендеги филиалына алынат. 

    Тендерге катышуу үчүн арыздар 28-августка чейин кабыл алынат. 

    Эске салсак, 2022-жылы 28-июнда президент Садыр Жапаров Баткен шаарындагы И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-медициналык комплексинин имаратына капсула салган. 

    Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-медициналык комплекси заманбап жабдуулар, рентген кабинети, УЗИ, МРТ, ЭКГ менен жабдылган көп тармактуу дарылоо-диагностикалык оорукана катары курулары белгиленген.

    Мындан тышкары, комплексте 200 орундуу конференц-зал, студенттер үчүн 200 орундуу жатакана жана 500 орундуу күндүзгү оорукана курулары белгиленген. Окуу-дарылоо комплекси аяктагандан кийин 90 медициналык адис ишке орношот. КММАнын бюджетинен каржыланган долбоордун сметалык баасы 603,5 млн сомду түзөрү айтылган. 

     


    Тектеш материалды окуу