akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-05-08, 04:50

    Кыргызстанда «Туңгуч» онлайн мектебин ачуу пландалууда

    Билим берүү министрлиги “Тунгуч” онлайн мектеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду. 

    Документке ылайык, бул долбоордун максаты жана милдети географиялык жайгашкан жерине карабастан Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарына барууга физикалык мүмкүнчүлүгү жок балдар үчүн мамлекеттик документтерди берүү менен мектепте билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү болуп саналат. 

    Бул токтомдун долбоору негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга кепилденген конституциялык укукту ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында даярдалган.

    • окуучулардын иш жүзүндө жашаган жерине, физикалык абалына, профессордук-окутуучулук курамынын болушуна, санитардык-эпидемиологиялык шарттарга карабастан билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.
    • маалыматтык-коммуникациялык чөйрөдөгү акыркы жетишкендиктерди колдонуу.
    • социалдык теңчилик.
    • чыгармачылык мамиле жана окуунун жеке темптери.

     


    Тектеш материалды окуу