akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-13-09, 11:41

    Окуучулардын саны аз мектептер оптимизацияланат

    Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө” буйругу чыкты.

    Ведомстводон маалымдашкандай, буйрукка ылайык жалпысынан 53 жалпы билим берүү уюму кошулат, анын ичинен:

    • Ош облусунда – 22;

    • Нарын облусунда – 10;

    • Чүй облусунда – 6;

    • Баткен облусунда – 5;

    • Жалал-Абад облусунда – 5;

    • Талас облусунда – 2;

    • Ысык-Көл облусунда – 1.

    Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу иштерин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары президенттин облустардагы өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте 2024-жылдын 1-ноябрына чейин аякташы зарыл.

    Ал эми райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары оптимизация болгон мектептердин кыскарган кызматкерлерин, тейлөөчү персоналдарды жумушка жайгаштыруу, жергиликтүү калк менен оптимизация боюнча келип чыккан маселелер боюнча иш-чараларды жана түшүндүрүү иштерин 2024-жылдын 1-декабрына чейин жыйынтыктоосу керек.


    Тектеш материалды окуу