Жарыяланган
2024-20-12, 15:15Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн Элдик курултайда билдирди.
Маалыматка ылайык, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү өзүнчө Агартуу министрлиги, ал эми Жогору билим жана илим министрлиги өзүнчө түзүлөт.
Шакиевдин айтымында, жаңы министрлик жаңы жылда пайда болот.