akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-28-11, 12:25

    Мектепте акча чогулткандарга айып салуу боюнча мыйзам колдоо тапты

    Жогорку Кеңеш орто мектептерде окуучулардан жана ата-энелерден мыйзамсыз акча чогулткандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.

    “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга 20 миң сом айып салынат.

    Мектептерде фонддорду түзүп ал аркылуу каражат жыйнаган адамдар 40 миң сом, юридикалык жактар 60 миң сом айыпка жыгылат.

    Документ эми президентке жөнөтүлөт.


    Тектеш материалды окуу