Жарыяланган
2024-28-11, 09:20"Евразия" уюму берген 100 автобус аймактагы мектептерге таратылды.
Улуттук инвестиция агенттиги билдиргендей, автобустар учурда мектептерге окуучуларды ташый баштады. Анын алкагында шарты катаал, мектепке жетүүгө жолу татаал алыскы аймактарда жашаган балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү кыйла жакшырат деп күтүлүүдө.
Транспорт жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүлүп берилди.