akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-16-04, 12:47

    Бишкектен Ала-Арча жаратылыш паркына чейин автобустар каттайт. Жол кире канча болот?

    Майдагы эс алуу күндөрү Бишкектен Ала-Арча жаратылыш паркына чейин автобус каттамы уюштурулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

    Мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы боюнча майдагы эс алуу күндөрүнө байланыштуу 1-майдан 11-майга чейин борбор калаадан Ала-Арча жаратылыш паркына чейин автобус каттамы уюштурулат.

    Автобустар Т. Усубалиев атындагы аянттан Ала-Арча жаратылыш паркына чейин каттайт. Накталай төлөгөндөр үчүн жол кире 50 сом, накталай эмес төлөгөндөргө 40 сом болот. Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттамда болот, бирок зарылдык болсо, иш тартиби кайрадан каралып чыгат.

    Каттамга газ менен жүргөн 12 метрлик ISUZU автобустары чыгат. 

    Ошондой эле Ала-Арча жаратылыш паркынын ичинде акысыз негизде эки жаңы электр бус каттайт. 


    Тектеш материалды окуу