Жарыяланган
2024-12-12, 14:10Бишкекке Түркияда өндүрүлгөн газ менен жүрүүчү жаңы автобустардын биринчи партиясы келди.
Мэриянын маалыматына караганда, 12 метрлик жаңы автобустар 85 жүргүнчүнү батыра алат, анын ичинен 21 орун отурууга ылайыкталган. Автобус ошондой эле кондиционер, пандус менен жабдылган. Жалпысынан мындай 68 автобус алып келинет.
"Транспорт газ менен жүргөндүктөн шаардын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн жасалган маанилүү кадамдардын бири болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.