Жарыяланган
2025-10-03, 13:20Бишкектин Чүй проспектисинин Султан Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү 31-марттан тарта эки жылга жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй проспектиси менен Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, жер астындагы өтмөк жана 220дан ашуун унаа токтотуучу жайды камтыган долбоордун курулушу башталат.
Мындан улам, бул аймак аркылуу каттаган автобустар Фрунзе жана Киев көчөсүнө багытталат.
Ал эми долбоорго “Ташболот Холдинг” жана “Олд Бишкек” компаниялары акча салат. Курулуштун жалпы бюджети эки миллиард сомду түзөт.