Жарыяланган
2023-03-07, 06:51Кыргыз фондулук биржасынын экинчи рыногунда “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын жөнөкөй акциялары менен бүтүм катталды.
Бүтүм 117 миң 150 сомду түзүп, аукциондо жалпысынан 165 акция сатылды. Ар бир нускасы 710 сом. Бул өткөн аптадагы сооданын жыйынтыгынан 4,6% төмөн.
Кошумчалай кетсек, буга чейин 224 миң сомго акциялар экинчи рынокто сатылган.