akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-24-05, 08:35

    Мамлекеттик ипотекалык компания 1,1 млрд сомго акцияларын сатты

    Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын акциялары менен ири бүтүм катталды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды. 

    Жалпысынан 11 миң 648 жөнөкөй акция 1 млрд 164 млн 800 миң сомго сатылды. Бир акциянын баасы 100 миң сомду түздү.

    Белгилеп кетсек, бүтүм алмашуунун биринчилик рыногунда ишке ашырылган. Бул Мамлекеттик ипотекалык компания уставдык капиталын көбөйтүүнү пландап жатканын билдирет. Уставдык капиталы 31-мартка карата 18 млрд 627 млн 900 миң сомду түздү.

     


    Тектеш материалды окуу