akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-03-07, 04:31

    Орусия бензин экспортуна тыюу салууну дагы бир айга узартты

    Орусия бензин экспортуна тыюу салууну 31-августка чейин узартты. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн администрациясы билдирди. 

    Бензин экспортуна чектөөлөр 1-августтан тарта кайрадан күчүнө кирет жана 2024-жылдын 31-августуна чейин күчүндө болот.

    Эскерте кетсек, Орусия 2024-жылдын 1-мартынан 1-сентябрына чейин бензин экспорттоого тыюу салган, андан кийин чектөөнү 2024-жылдын 30-июнуна чейинки мөөнөткө жылдырган.