akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-20-08, 05:25

    Ооганстан Кыргызстандан бензинди көбүрөөк импорттой баштады

    2024-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандан экспорттолгон автобензиндин 63% Ооганстанга жөнөтүлүп, бул өлкөгө жалпы 5 миллион 19,2 миң литр күйүүчү май жеткирилген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети жарыялады.

    Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Ооганстанга жүк ташуунун көлөмү 7 эсеге өсүп, 2 млн 369,9 миң долларды түздү.

    Белгилеп кетсек, маалыматта кандай бензин сатылып жатканы так көрсөтүлгөн эмес.

    Ооганстандан тышкары Кыргызстан Өзбекстанга бензин экспорттоп, 2 миллион 904,1 миң литр бензин жөнөтүлгөн. Бул 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 224,1 миң литрге көп. Ал эми Казакстан Кыргызстандан бензин сатып алууну токтотту.