Жарыяланган
2022-09-09, 06:00Былтыркы жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 2022-жылы Жалал-Абад облусун кошпогондо, бардык аймактарда тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын агымынын көбөйгөндүгү белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндө эң көп үлүш Бишкек шаарынын ишканаларына – 275%дан ашык, Ысык-Көл облусуна – 24%дан ашык, Чүй облусуна – 21%га жакын, Талас облусуна – 12%, Жалал-Абад облусуна 12%га жакын туура келген.
Мындан тышкары, КМШ өлкөлөрүнөн келген тике инвестициянын көлөмү 2021-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 2,6 эсеге өстү, бул негизинен Россиядан 3,7 эсеге (өндүрүштүк, дүң жана чекене соода) жана Казакстандан 1,6 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, дүң жана чекене соода) көбөйгөнү менен байланыштуу.
2022-жылдын январь-июнь айларында 2021-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын агылып чыгуусу 11,8%га кыскарып, 483 млн доллардан ашты.