akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: WWW

    Жарыяланган

    2023-24-07, 05:21

    Кыргызстан 80 млн долларлык чет элдик инвестицияны сактап калууга жетишти

    Жыл башынан бери Улуттук инвестиция агенттигине инвесторлордон 17 арыз-даттануу түшкөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана элчиликтеринин өкүлдөрү менен жолугушууда аталган агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов билдирди.

    "Анын ичинен 10у каралып, 80 миллион доллардан ашык инвестицияны жана алгачкы этаптагы 300 жумуш ордун сактап калууга мүмкүн болду", - дейт Нурадил Баясов.

    Өз кезегинде, талкуунун жүрүшүндө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү Улуттук агенттиктин инвестицияларды тартуу жана колдоо боюнча аракеттерин жогору баалап, мындан аркы кызматташуу жана өз өлкөлөрүнөн инвестиция тартуу боюнча өз сунуштарын билдиришти.