Жарыяланган
2023-19-12, 07:35“Түндүк” мобилдик тиркемесинде дагы бир санарип документ пайда болот. Бул тууралуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Амантаев маалымат жыйында билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө “Түндүк” порталында төмөнкү санариптик документтер бар: паспорт, айдоочунун күбөлүгү, унааны каттоо күбөлүгү, туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, нике жана ажырашуу тууралуу күбөлүк.
“Быйыл биз үч жаңы санариптик документти киргиздик. Жакында биз дагы бир санарип документти – пенсиялык күбөлүктү кошууну пландап жатабыз”, - деди ал.