akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2023-19-12, 07:35

    «Түндүк» тиркемесинде дагы бир санарип документ пайда болот

    “Түндүк” мобилдик тиркемесинде дагы бир санарип документ пайда болот. Бул тууралуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Амантаев маалымат жыйында билдирди.

    Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө “Түндүк” порталында төмөнкү санариптик документтер бар: паспорт, айдоочунун күбөлүгү, унааны каттоо күбөлүгү, туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, нике жана ажырашуу тууралуу күбөлүк.

    “Быйыл биз үч жаңы санариптик документти киргиздик. Жакында биз дагы бир санарип документти – пенсиялык күбөлүктү кошууну пландап жатабыз”, - деди ал.

     


    Тектеш материалды окуу