akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2023-08-12, 07:40

    Быйыл абаны булгагандыгы боюнча ишканаларга 1,7 млн сом айып салынды

    Жыл башынан бери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлору тарабынан 72 ишканада абанын булганышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов билдирди.

    Анын айтымында, өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 230-беренесине ылайык, атмосферага булгоочу заттарды чыгаргандыгы үчүн 1 млн 780 миң 572 сом өлчөмүндө административдик айып салынды. 

    Дагы 811 чарбалык субъектилерге атмосфералык абаны коргоо нормаларын сактоо боюнча эскертүүлөр берилди.