akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-02-07, 04:45

    Жылуулук электр борборуна жаңы жетекчи дайындалды

    Бишкек Жылуулук электр борборуна Нургазы Курманбеков жетекчи болуп дайындалды. Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Талайбек Байгазиев жаңы жетекчинин мекеменин кызматкерлери менен тааныштырды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. 

    Талайбек Байгазиев белгилегендей, ишкананын жетекчилигине отун-энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, башталган реформаларды аягына чыгаруу жана белгиленген пландарды ишке ашыруу боюнча маанилүү милдеттер коюлган. 

    Өз кезегинде Нургазы Курманбеков көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди аткарууга бардык күч-аракет жумшалаарын белгиледи.