akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-03-07, 06:35

    Быйыл дыйкандар 287,7 миң тонна минералдык жер семирткичке муктаж

    Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти минералдык жер семирткичтерди ташып келүүчү 9 жеке компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. 

    Жыйында дыйкандарды минералдык жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу талкууланып, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти менен 6 жеке компания меморандумга кол койду. 

    2024-жылга карата дыйкандардын минералдык жер семирткичтерге болгон муктаждыгы - 286,7 миң тоннаны түзөт.

    Эске салсак, республикада минералдык жер семирткичтерди (МЖС) өндүрүүчү завод жок болгондуктан жеке компаниялар тарабынан ташылып келет. Ташылып келинген минералдык жер семирткичтердин 80% Өзбекстандан, 5% Орусиядан  жана калган 5% Казакстандан келет.