akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-09-09, 15:36

    Дыйкан-фермерлерге 3,79 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

    5-сентябрга карата "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорунун алкагында республиканын 9 миң 602 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыялар берилди.

    Каржы министрлигинен билдиришкендей, берилген насыянын жалпы суммасы 3 млрд 793,33 млн сомду түздү: Анын ичинде:

    • мал чарбачылык тармагы боюнча – 3 млрд 369,2 млн сомго жалпы 8 мин 301 субъектке;

    • өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагы боюнча – 424 млн сомго жалпы 1 миң 301 субъектке берилди.

    Аталган долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" катышууда. 

    Дыйкан-фермерлерди кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сомду түзүүдө.