Жарыяланган
2023-11-10, 07:26Жыл башынан бери дем берүүчү гранттар аркылуу 243,8 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылга социалдык объекттерди жакшыртуу максатында "дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 800 млн сом каралган.
Белгиленгендей, 2023-жылы ишке ашырууга 332 долбоор бекитилген. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого тапшырылган отчеттордун негизинде 2023-жылдын 9 айында республикалык бюджеттен “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча 243,8 млн сом суммасындагы 223 долбоор каржыланган.