akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-19-09, 07:34

    Кыргызстан менен Кытай айыл чарба тармагында тыгыз кызматташат

    Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Кытайдын Шэньси провинциясынын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

    Жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында туруктуулукту камсыз кылуу маселелери козголду. 

    Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

    • агротехнологиялар жана инновациялар жаатында тажрыйба алмашуу;
    • айыл чарбасын модернизациялоо жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу;
    • айыл чарба адистерин даярдоо жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташтыкты чыңдоо;
    • соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде Кыргызстандын КЭРге айыл чарба продукцияларын жана тамак-аш азыктарын экспорттоо. 

    Тектеш материалды окуу