akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2023-24-10, 08:00

    Кыргызстанда ТикТокту жабууда кыйынчылыктар болууда

    Кыргызстанда ТикТок платформасын жабууда “техникалык кыйынчылыктар” болууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов билдирди. 

    Маалыматка ылайык, платформага кирүү мүмкүнчүлүгүн жабуу чечими өзгөргөн жок. 

    “ТикТокту жабуу боюнча чечимибиз күчүндө. Бул ишти Санариптик өнүктүрүү министрлиги алып барышы керек болчу. Бирок техникалык кыйынчылыктар бар. “ТикТоктогу” тегдерди аныктап, тизмени министрликке тапшырдык. Бул иш аягына чыга элек”, - деди Ибрагимов.

    ТикТокту Кыргызстанда колдонууга тыюу салуу чечими 30-августта кабыл алынган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги муну бул социалдык тармак “балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден соолугуна терс таасирин тийгизет” деген даттануулардын көбөйүшү менен байланыштырып, аталган түйүндү өлкө аймагында жабуу чечимин чыгарган. 

     


    Тектеш материалды окуу