Жарыяланган
2022-10-08, 03:02Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрүү пунктунда адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы терминалга көчүп жатканына байланыштуу 10-августта саат 9.00дөн 14.00гө чейин өткөрүү убактылуу токтотулат.
”Чек ара кызматы Ош облусунун аймагындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүп жаткан жарандарды жана айдоочуларды сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат”, - деп жазат басма сөз кызматы.