akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2022-10-08, 03:02

    «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункту убактылуу жабылат

    Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрүү пунктунда адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, жаңы терминалга көчүп жатканына байланыштуу 10-августта саат 9.00дөн 14.00гө чейин өткөрүү убактылуу токтотулат.

    ”Чек ара кызматы Ош облусунун аймагындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүп жаткан жарандарды жана айдоочуларды сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат”, - деп жазат басма сөз кызматы.