akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-12-07, 03:20

    Социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз насыя берилет

    Министрлер кабинети социалдык контракттын  негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз насыя берүү программасын бекитти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.  

    Маалыматка ылайык, ААК “Элдик Банк” жана “Айыл Банк” менен биргеликте социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган жеке ишкерлерге жана катышуучулардын ичинен чарба жүргүзүүчү субъекттерге пайызсыз насыяларды берүүнү уюштуруу тапшырылды. 

    2024-жылга келишимдин негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит берүү үчүн ААК “Элдик Банк” жана “Айыл Банк” пайыздык ставкаларын субсидиялоого Эмгек министрлигине республикалык бюджеттен 6 млн 760 миң сом бөлүү тапшырылды.

    Чечим ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит түрүндө финансылык колдоо көрсөтүү үчүн кабыл алынды.