akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2020-16-12, 07:45

    Орусиядагы банктар майрам алдында насыянын пайызын төмөндөтөт

    Банктар жаңы жылдык майрамдардын алдында насыянын пайызын төмөндөттү. Мунун бирден бир себеби - пандемия маалында төлөө жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөп кетиши болгон, деп жазат Forbes порталы. 

    [news 30866]

    Орусиядагы 25 ири банктардын ичинен 5 банкка керектөөчү насыялар боюнча, майрамга карата үстөк пайызды төмөндөтүү боюнча атайын сунуштар айтылды. Жаңы жылга чейин дагы бир банк пайызын төмөндөтөрүн билдирген. 

    Акция учурунда банктар сунуштаган насыянын үстөк пайызы 2-6.5% түзөт. 

    Борбордук банктын маалыматына ылайык, 30 күндүк чекене насыялар боюнча пайыздын орточо чени октябрь айында 12,07%, 181 күндөн 1 жылга чейинки насыялардыкы - 13,82% түздү. 

     

    Кошумчалай кетсек, бул сунушту колдогон банктардын саны анча деле көп эмес.