Жарыяланган
2022-20-10, 06:49Быйылкы жылдын январь-август айларында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн чекене товар жүгүртүүсү (бардык бөлүштүрүү каналдары боюнча) 433,8 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу чекене соода 4,2%га азайган. Мындай маалыматтар ЕЭК тарабынан берилди.
Жалпы товар жүгүртүүдөгү негизги үлүшү Россияга туура келген — 392 миллиард 19,7 миллион доллар, бирок 2021-жылга салыштырмалуу чекене соода жүгүртүү 4,9%га кыскарган. Ушундай эле динамика Беларуста да белгиленип, быйыл ЕАЭБде 16 миллиард 394,6 миллион доллар жүгүртүү менен 3-орунду ээлеп, былтыркыга салыштырмалуу төмөндөө 2%ды түздү.
Оң динамика Казакстанда жана Арменияда (+2,1%) жана (+3,6%) белгиленген.
Кыргызстанда сооданын көлөмү 3 миллиард 342 миллион долларды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 10,4% өстү.