akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-10-06, 09:38

    Тоок жумурткасын сырттан ташып келүүгө тыюу салынды

    Кыргызстанга тоок жумурткасын сырттан ташып келүүгө тыюу салынды. Тиешелүү токтом Министрлер кабинетинде кабыл алынып, күчүнө кирди.

    Документ өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, базардагы бааны туруктуу кармоо жана ички рынокту толук камсыздоо максатында иштелип чыкты.

    Буга чейин Айыл чарба министрлигинен белгилешкендей, өлкөдө жумуртка өндүрүү ички рынокту камсыздайт жана импортко муктаждык жок.