akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-16-07, 05:30

    Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли 11 млрд метр кубду түздү

    16-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли 11 млрд 468,83 млн метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы билдирди.

    Маалыматка ылайык, суунун суткалык агып кириши секундуна 740 метр кубду түзсө, суунун суткалык агып чыгышы 433 метр куб болууда. 

    Былтыр бул күнү суунун көлөмү 10 млрд 596,30 млн метр кубду түзгөн.

    Белгилеп кетсек, Токтогул ГЭСи Кыргызстандын электр энергиясынын негизги булагы болуп саналат. 


    Тектеш материалды окуу