akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-12-09, 17:59

    Орусия Кыргызстанда эки чакан ГЭС курат

    Орусия Кыргызстанда "Чандалаш" жана "Жерүй" чакан ГЭСтерин курат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимдер Ысык-Көлдөгү кыргыз-орус экономикалык форумунун жыйынтыгында жетишилди.

    Жалал-Абад облусундагы "Чандалаш" ГЭСи менен Таластагы "Жерүй" гидроэлектрстанциясы 80 млн долларга бааланды.

    Форумдун алкагында эки өлкөнүн ортосунда жалпы 265 млн долларлык келишим түзүлгөнү кабарланды. Анын ичинде "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын биргелешип оңдоо, Бишкекте мейманкана куруу, Чүйдө таштандыны кайра иштетүү жана башка келишимдер бар.  


    Тектеш материалды окуу