akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Минэнерго

    Жарыяланган

    2024-21-11, 13:15

    USAIDге 10 чакан ГЭСтин ТЭОсун иштеп чыгууга катышуу сунушталды

    20-ноябрда Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) республикадагы жаңы дайындалган директору Сара Верт менен жолугушту. Анда министр өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүүдө USAIDдин көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

    Таалайбек Ибраев энергетика тармагындагы мындан аркы кызматташууну тереңдетүү үчүн Сара Вертке бир катар маселелерди сунуштады. Ал Токтогул ГЭСинин реконструкцияланып жаткан гидроагрегаттары менен жеринде таанышууга чакырды.

    Министр ошондой эле 10 кичи ГЭСтин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жана кыргыз энергетиктерин Венгрияга тажрыйба алмашууга жөнөтүү сунушун киргизди. Мындан тышкары, министр жашыл энергетика боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, бул жаатта кызматташууга даяр экенин билдирди.

    Өз кезегинде Сара Верт жакын арада эл аралык стратегия иштелип чыгарын жана ага Энергетика министрлигинин конкреттүү сунуштары керектигин билдирди. Ошол эле учурда министрдин сунуштары кабыл алынып, USAIDдин тиешелүү жетекчилери менен биргеликте талкуулангандан кийин так жооп берилерин белгиледи.


    Тектеш материалды окуу