akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-23-12, 12:35

    Садыр Жапаров: Кыргызстанда дагы 27 ГЭС курулуп жатат

    Кыргызстан көп жылдар бою Токтогул ГЭСин жана Бишкек ЖЭБин тез арада реконструкциялоого муктаж болгонуна карабай, талаптагыдай модернизациясыз иштетип келген. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, Энергетика министрлигинин 90 жылдыгын белгилөө учурунда билдирди.

    Мамлекет башчысы буга чейин өлкөнүн энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режими да киргизилгенин эске салды. Бирок андан бери тармакта бир катар реформалар жүргүзүлүп, коррупцияны жоюуга, ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулганы белгиленди.

    Президенттин айтымында, ГЭСтерди жана күн электр станцияларын куруу боюнча келишимдер түзүлдү. 2024-жылдын августунда Садыр Жапаров таза энергетикалык долбоорлорго инвестиция тартууга багытталган жарлыкка кол койгон.

    "Биз энергетика тармагындагы инвесторлорго бир катар салыктык жеңилдиктерди беребиз", - деп белгиледи ал.

    Президент ошондой эле учурда 20 ГЭС ишке берилгенин, дагы 27си курулуп жатканын билдирди.


    Тектеш материалды окуу

    • Папан ГЭСин курууга даярдык иштери башталды
      Кара-Суу районунда Папан ГЭСин курууга даярдык иштери башталды. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда ГЭСке алып баруучу жолдун курулушу жүрүүдө
      2025-25-03 10:20:13
    • Нарын дарыясына Казарман ГЭСтер каскадын куруу пландалууда
      Нарын дарыясына Казарман ГЭСтер каскадын куруу пландалууда. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, долбоордун алкагында жалпысынан үч ГЭС: Алабуга, Кара-Булуң ГЭС-1 жана Кара-Булуң ГЭСи курулат
      2025-20-03 11:50:37
    • Орто-Токой ГЭСинин курулушу уланууда
      Орто-Токой ГЭСинин курулушу уланууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда туннель төшөлүп, ГЭСтин пайдулабы казылып, кирүүчү жолдору курулууда, ошондой эле биринчи гидроэнергетикалык жабдуулар жеткирилди
      2025-11-02 09:48:23
    • Садыр Жапаров: Кыргызстанда дагы 27 ГЭС курулуп жатат
      Кыргызстан көп жылдар бою Токтогул ГЭСин жана Бишкек ЖЭБин тез арада реконструкциялоого муктаж болгонуна карабай, талаптагыдай модернизациясыз иштетип келген. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Энергетика министрлигинин 90 жылдыгын белгилөө учурунда билдирди
      2024-23-12 06:35:05