Жарыяланган
2025-25-03, 16:20Кара-Суу районунда Папан ГЭСин курууга даярдык иштери башталды. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда ГЭСке алып баруучу жолдун курулушу жүрүүдө.
Гидроэлектрстанция аталган суу сактагычтын төмөнкү бөлүгүндө жайгашат. Жаңы ГЭСтин пландалган кубаттуулугу 27 МВтты түзөт, ал эми жылдык орточо электр энергия өндүрүү көлөмү 113 млн кВт/с болот.
Эске салсак, курулушка капсула 2024-жылдын 5-октябрында салынган. Жумуштар 2027-жылдын үчүнчү кварталында бүтөт деп пландалууда.