Жарыяланган
2025-11-02, 15:48Орто-Токой ГЭСинин курулушу уланууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда туннель төшөлүп, ГЭСтин пайдулабы казылып, кирүүчү жолдору курулууда, ошондой эле биринчи гидроэнергетикалык жабдуулар жеткирилди.
Буга чейин куруучулар үчүн шаарча, курулуш материалдарын сактоо үчүн кампалар, бетон даярдоо түйүндөрү, компенсатордук курулуштар жана электр камсыздоо системалары тургузулган.
Курулушту 2026-жылдын биринчи жарымында бүтүрүү пландалууда.
Эске салсак, Орто-Токой ГЭСи Балыкчы шаарына жакын жерде Орто-Токой суу сактагычында жайгашкан. Станциянын долбоордук кубаттуулугу – 21 МВт, орточо жылдык электр энергия өндүрүшү – 75 млн кВт/саатты түзөт.