akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-24-07, 10:01

    Жапонияга жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланды

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт Жапониянын Шибата шаарынын мэри Каору Никайдо менен жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Бул тууралуу тиешелүү министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

    Жолугушууда кыргызстандык жаштардын Ниигатада жайгашкан Шибата шаарына жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. 

    Министрдин орун басары мекеменин жүргүзүп жаткан саясаты жана жарандарды ишке орноштуруу багытындагы приоритеттери жөнүндө айтып берди.

    Дарманкул уулу Бакыт кол коюлган кызматташтык меморандумунун алкагында КРнын Эмгек министрлиги менен Япониянын Юстиция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Эмгек жана бакубатчылык министрлиги жана Япониянын улуттук полиция агенттиги менен кызматташуу жөнүндө кол коюлган Меморандумдун алкагында эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, “Белгилүү көндүмдөрү бар кызматкер” болуу статусу бар чет өлкөлүк эмгек ресурстарына тиешелүү системанын туура иштешин аныктайт.