akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-05-06, 05:28

    Кыргызстан Жапонияга жергиликтүү продукциянын экспортун көбөйткүсү келет

    Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Жапониянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик катчысы, Тышкы иштер министрлигинин улук вице-министри Цудзи Киёто менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

    Санжар Болотов Цудзи Киётонун сапары Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө оң таасир берет деген ишенимин билдирди.

    Ошондой эле ал өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданын өсүшүн белгиледи. Бирок анын айтымында жапон рыногуна кыргыз продукциясын жеткирүүнүн көлөмү аз болууда. Колдо болгон потенциалды эске алуу менен Санжар Болотов кыргыз органикалык продукциясын Жапонияга экспорттоону көбөйтүүнү сунуштады.