Жарыяланган
2023-12-12, 07:36Быйылкы жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 трлн сомдон ашты жана 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,4%га өстү. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Курулушта оң тенденциялар байкалган, мында көлөмдүн өсүшү 17,8%ды, дүң жана чекене соодада – 17,9%ды түзгөн.
Белгиленгендей, быйылкы жылдын январь-ноябрында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) республика боюнча жалпысынан керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 6,9%ды түздү. Мында азык-түлүк эмес товарларга баалар 11,9%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге 10,7%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 3,1%га, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 8,9%га жогорулаган.