akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    ESG артыкчылыктуу багыт! «Айыл Банк» экологиялык жана социалдык долбоорлорду колдойт

    “Айыл Банк” ESG (экология, социалдык жоопкерчилик жана корпоративдик башкаруу) принциптерине багытталган өзүнүн туруктуу өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууда. ESG өнүктүрүү жана ресурстарды тартуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Султанов “Акчабарга” иштин негизги багыттары, ошондой эле Кыргызстанда жашыл насыя берүүнүн үлүшүн көбөйтүү жана экологиялык жактан туруктуу долбоорлорду өнүктүрүү пландары менен бөлүштү. 

    — ESG боюнча “Айыл Банктын” негизги максаты жана стратегиялык приоритеттери кандай?

    — “Айыл Банк” туруктуу өнүгүүгө багытталган стратегияны жигердүү ишке ашырууда, анын алкагында экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу – ESG ((Environmental, Social, Governance)) эң маанилүү орунду ээлейт. 2020-жылы биз экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруу саясаты жана экологиялык жана социалдык таасирди баалоо боюнча жобо сыяктуу ички ченемдерди иштеп чыктык. Биздин негизги максатыбыз – туруктуу өнүгүү принциптерин ишке ашыруу жана жашыл каржылоону жайылтуу. Климаттын өзгөрүшүн, суунун жетишсиздигин жана башка глобалдык чакырыктарды эске алганда, ESG жөн гана  тенденция эмес, чукул муктаждык экенин белгилей кетүү маанилүү. Биз экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошкон, ошондой эле эл аралык стандарттарга жана жергиликтүү мыйзам талаптарына жооп берген инвестицияларды тартууга умтулабыз.

    — “Айыл Банктын” жашыл портфелинин учурдагы жана пландаштырылган көрсөткүчтөрү кандай? Жакынкы 3-5 жылда 15% көрсөткүчкө жетүү үчүн кандай конкреттүү чаралар көрүлүп жатат?

    — Бүгүнкү күндө биздин кредиттик портфелдин 3-5%га жакынын жашыл кредиттер түзөт. Биз жакынкы 3-5 жылда 15% жашыл кредит портфелине жетүүнү максат кылып жатабыз. Банктын эң маанилүү кадамдарынын жана чечимдеринин бири – бул жашыл каржылоону өнүктүрүү боюнча долбоорлорду каржылоого өзүнүн каражатынан 1 миллиард сом бөлүү. Бул туруктуу айыл чарбасы, энергияны үнөмдөө, таза транспорт, жашыл имараттар, энергиянын кайра жаралуучу булактары ж.б. сыяктуу тармактарды камтыйт. Биз ошондой эле министрликтер жана мамлекеттик органдар менен бул чөйрөдө улуттук стандарттарды киргизүүнү тездетүү боюнча жигердүү иш алып баруудабыз.  

    — “Айыл Банк” экологиялык жактан туруктуу долбоорлорду колдоо үчүн кандай продуктыларды жана каржылоо программаларын сунуштайт? Мындай каржылоо үчүн экономиканын кайсы тармактары артыкчылыктуу? Конкреттүү мисалдарды келтире аласызбы?

    — “Айыл Банк” туруктуу долбоорлорду колдоо үчүн ар түрдүү программаларды сунуштайт, анын ичинде туруктуу айыл чарбасы, кайра жаралуучу энергия булактары, энергияны үнөмдөө жана таза транспорт долбоорлору сыяктуу чөйрөлөрдө насыя берүү. Алсак, дыйкандар тамчылатып сугаруу жана ресурс үнөмдөөчү ирригациялык системаларды орнотуу үчүн жеңилдетилген насыяларды жакшы пайдаланып жатышат. Ошондой эле, биз кичи ГЭСтерди курууну, күн батареяларын колдонууну, имараттарды жылытууну жана башка экологиялык таза долбоорлорду каржылайбыз. Ийгиликтүү мисалдардын бири суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн заманбап технологияларды ишке киргизген фермерлерди колдоо болуп саналат.

    — “Айыл Банк” кызыкдар тараптар (инвесторлор, кардарлар, коомчулук) үчүн ESG ишмердүүлүгү боюнча ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту кантип камсыздайт? ESG боюнча коомдук маалыматты кайдан тапса болот?

    Учурда биз банктын жашыл кредиттеринин кайсынысы экологиялык стандарттарга жооп берерин так классификациялоо үчүн жашыл долбоорлордун улуттук таксономиясын бекитүүнү күтүп жатабыз. Бул маселе жакын арада чечилет деп ишенебиз. Ачыктык жана отчеттуулук чөйрөсүндө биз туруктуу өнүгүү боюнча маалыматты жарыялоого мүмкүндүк берүүчү маалымат чогултуу системасын түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Кийинки жылы биз биринчи каржылык эмес отчетту жарыялоону пландап жатабыз. Ошондой эле, ай сайын финансылык отчетторду жарыялап турабыз жана кардарларыбыз, инвесторлорубуз жана өнөктөштөрүбүз үчүн жеткиликтүү болгон маалыматты үзгүлтүксүз жаңыртып турабыз.

    — “Айыл Банкта” ESG тармагындагы компетенцияларды жогорулатуу үчүн кандай кадрларды даярдоо жана өнүктүрүү программалары жүргүзүлүүдө? Банк кызматкерлерин бул жаатта алдыдагы кыйынчылыктарга кантип даярдоону пландаштырууда?

    — Кыргызстанда ESG адистери жетишсиз, ошондуктан биз кызматкерлерибизди үзгүлтүксүз, жигердүү окутуудабыз. Ички окуу борборунун алкагында биз тренингдерди жана семинарларды уюштурабыз, ошондой эле эл аралык тренерлерден кызматкерлерди окутуп жатабыз. Биз GIZ жана Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу уюмдар менен кызматташып, алар туруктуу өнүгүү жана жашыл технологиялар тармагында адистерди окутуп жатышат. 2025-жылы биз кызматкерлерибиздин жана келечекте кардарларыбыздын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн экологиялык жана социалдык жоопкерчилик боюнча тренингдерди камтыган окутуу программабызды кеңейтүүнү пландап жатабыз.

    — “Айыл Банк” ESG тармагында кандай уюмдар жана демилгелер менен кызматташат? Банктын стратегиясын ишке ашырууда мындай өнөктөштүктүн орду кандай?

    — Биз GIZ, Азия өнүктүрүү банкы, USAID сыяктуу эл аралык уюмдар, ошондой эле БУУнун уюмдары менен тыгыз кызматташып келебиз. Бул өнөктөштүк аркылуу биз техникалык жардам алабыз, туруктуу өнүгүү стратегиясын иштеп чыгабыз жана билимибизди кеңейтебиз. Өзгөчө белгилей кетсек, биз Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрөнү коргоо программасынын Каржы демилгесинин (PRB UNEP FI) жооптуу банк иши принциптерине кол койгон биринчи кыргыз банкы болдук, бул бизге ESG чөйрөсүндө эл аралык стандарттарды сактоого жардам берет.

    —Узак мөөнөттүү келечекте (2030-жылдан кийин) ESG стратегиясын андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча “Айыл Банктын” кандай пландары бар? Алдыда кандай жаңы максаттар бар? 

    — 2030-жылдан кийин “Айыл Банк” көмүртектин нейтралдуулугу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча глобалдык максаттарга ылайык экологиялык жана социалдык демилгелерди өнүктүрүүнү улантууну пландоодо. Биз жаңы өнүмдөрдү киргизебиз жана жашыл каржылоону өнүктүрөбүз. Ошондой эле, жашыл портфелибизди кеңейтүүнү улантабыз. 2032-жылга карата эң маанилүү максат – банктын кредит портфелиндеги жашыл кредиттердин үлүшүн 30%га чейин көбөйтүү. Биз өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн өкмөт жана эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүнү улантабыз.

    КРнын Улуттук банкынын № 048 лицензиясы 


    Тектеш материалды окуу